Кыргызстан менен Казакстандын ТИМ башчылары телефон аркылуу сүйлөштү
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 29-сентябрда Казакстандын жаңы дайындалган тышкы иштери министри Ермек Кошербаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.
Тышкы саясий ведомстволордун жетекчилери кыргыз-казак кызматташтыгынын абалын жана келечектерин талкуулашты, ошондой эле регионалдык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышты.
Сүйлөшүү учурунда Кыргызстандын тышкы иштер министри Кулубаев Е.Кошербаевди Казакстан Республикасынын тышкы иштери министри кызматына дайындалганы менен куттуктап, жооптуу кызматында ийгиликтерди каалады.
