Бишкекте кош бойлуу келип жол тыгында унаада көз жарды. Инспекторлор сыйланды
30 сентябрь

Бишкекте кош бойлуу келип жол тыгында унаада көз жарды. Инспекторлор сыйланды

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Жоробеков 29-сентябрда өз кызматын мыкты аткарган жол тескөөчүлөрдү сыйлады.

Ал жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоодо ырааттуу иштеп, калктын ыраазычылыгына татыган кызматкерлердин ишин жогору баалап, алардын өзгөчө кырдаалдарда көрсөткөн аракеттерин белгилеп өттү.

Атап айтканда, Бишкек шаардык кайгуул кызматкерлери кош бойлуу айымдарды төрөт үйлөрүнө жеткирип, жаш наристелердин аман-эсен жарык дүйнөгө келишине көмөк көрсөткөн учурлары үчүн өзгөчө белгиленди.

Жоробеков бул аракеттерди чыныгы кызматтык эрдик катары баалап, мындай үлгүлүү кызматкерлерди башка кесиптештерине өрнөк болууга чакырды.