Милициянын Чүй облусу жана ИИМдин ЖКККББ кызматкерлери тарабынан курал менен ок чыгарган коомдук тартипти бузган автохулигандар аныкталды
17 июнь

Милициянын Чүй облусу жана ИИМдин ЖКККББ кызматкерлери тарабынан курал менен ок чыгарган коомдук тартипти бузган автохулигандар аныкталды

2025-жылдын 16-июнунда социалдык тармактар (Instagram) аркылуу жүргүзүлгөн мониторингдин жүрүшүндө ак түстөгү Hyundai Sonata унаасынын жүргүнчүсү ок атуучу куралды көрсөтүп, абага ок чыгарган видеотасма табылган.

Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМинин ЖКККББ кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын дароо уюштурушкан. Натыйжада көрсөтүлгөн унаа Бишкек шаарындагы Чолпон-Ата көчөсүнөн токтотулуп, андан ары Чүй облусунун ИИБине жеткирилген.

Бул окуя катталып, алдын ала териштирүү иштери башталган.

Алгачкы иликтөөлөрдүн жүрүшүндө унаа 1998-жылы туулган М.Б. аттуу жаранга таандык экени жана ал унааны ижарага берип жүргөнү аныкталган.
Чүй облусунун Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин жыйынтыгында унаанын ижарачысы жана окуяга катышкан бардык адамдар аныкталды. Алар 2008-жылы туулган жашы жете элек У.Э., С.С. жана М.Б. болуп чыгышты. Тергөө аракеттерин жүргүзүү үчүн алар Ысык-Көл облусунан жеткирилген.

Аныкталгандай, 7-июнь күнү кечинде жаш өспүрүмдөрдүн бири унааны ижарага алган. Ал эми 8-июнга караган күнү болжол менен саат 03:00 чамасында Ак-Жол май куюучу бекеттин жанынан өтүп бара жатып, унаанын жүргүнчүсү терезеден башын чыгарып, пневматикалык тапанча менен абага эки ирет ок чыгарган.

Өспүрүмдөр мындай аракет менен социалдык тармактарга таасирдүү сүрөт жана видеоматериалдарды жарыялоо максатында ижарага алышканын билдиришкен.

Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Blowback PM49 үлгүсүндөгү пневматикалык тапанча жана ок-дарылар алынган. Учурда баллистикалык экспертиза дайындалды.

Тергөөнүн жыйынтыгы менен кылмыш ишин козгоодон баш тартуу чечими чыгарылып, материалдар Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексине ылайык жоопкерчиликти кароо үчүн Коомдук коопсуздук кызматына жиберилди.