www
11 июнь
Бекешев мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн мөөнөтүн азайтууну сунуштады
Депутат Дастан Бекешев мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү айрым учурда көчмө кылууну сунуштады.
Ал майыптыгы бар жарандар жана улгайган адамдар бардыгын эске салып, мындай ыкма аларга пайдалуу болоорун белгиледи.
Экономика жана коммерция министринин орун басары Чоро Сейитов депутаттын сунушу өзүнчө токтом менен бекитилерин айтты.
“Акысыз жана акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр бар. Мисалы, акысыз кызмат көрсөтүүлөрдүн мөөнөтү 3 күндөн 7 күнгө чейин. Адамдардын көп күтүүгө мүмкүнчүлүгү болбой калганда аргасыз акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүнү тандашат. Ошондуктан мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн мөөнөтү азайтуу керек”,- деди Бекешев.
