Өлкөдө жакында балага күбөлүк алуу, бала бакчага жана мектепке каттоо процедуралары автоматтык түрдө жүргүзүлүшү мүмкүн
Кыргызстанда санариптештирүүнүн алкагында жакынкы жылдарда бардык аракеттер автоматтык түрдө жүргүзүлөт. Бала төрөлгөндөн баштап тийиштүү кызматтар тарабынан каттоого алынат дагы, бул анын ата-энесин кезекке туруу түйшүгүнөн куткарат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында белгилүү болду.
Юстиция министринин орун басары Айбек Айдаровдун айтымында, мыйзам долбоорунда “проактивдүү” түшүнүгү кирүүдө жана бул жарандарга бир гана жолу арыз жазуу менен мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуусуна өбөлгө болот.
“Бала төрөлгөндө ал тууралуу төрөт үйү тийиштүү кызматтарга маалымат берет. Ал автоматтык түрдө базага киргизилип, күбөлүк алуу, ИНН, сүйүнчү пул алуу баары аткарылат. Ата-эне бул кызматтар үчүн мамлекеттик органдарга барып кезек күтпөйт”, - деди ал.
Ошондой эле Айдаровдун айтымында, бул баланын бала бакчага, мектепке орношуусуна да колдонулат. Ал турмак ата-эне баласы үчүн чет өлкөлүк паспортту онлайн арыз берүү менен ала алат.
