ЖКга Аскар Акаевге экс-президент макамын берүүдөн баш тартуу сунушталды
24 сентябрь

ЖКга Аскар Акаевге экс-президент макамын берүүдөн баш тартуу сунушталды

Талкуу учурунда депутат Гуля Кожомкулова аталган меселени толук кандуу изилдеп чыгуу үчүн депутаттык комиссия түзүү керектигин айтты. Депутат Жанар Акаев Аскар Акаев бийликте турган учурда өлкөдө үй-бүлөлүк-кландык башкаруу гүлдөп-өскөнүн, Аксы окуясы орун алганын эске салды. 

Талкуунун жыйынтыгында комитет А.Акаевдин арызын көңүлгө алып, Жогорку Кеңештин кароосуна киргизди. Ошондой эле Жогорку Кеңешке Аскар Акаевдин убактылуу депутаттык комиссия түзүү тууралуу арызын канаттандыруудан баш тартууну сунуштады.