Садырбаева кальянды лицензиялоого каршы: Киреше маанилүүбү же ден соолук?
Депутат Жылдыз Садырбаева Жогорку Кеңештин жыйынында кальян кызматтарын легалдаштырууга багытталган мыйзам долбооруна каршы чыкты.
Ал мындай кызматтарды лицензиялоо менен бюджеттин кирешеси көбөйөрү айтылып жатканын эске салып, биринчи кезекте эмне: ден соолукпу же кирешеби деген суроону койду.
“Кальянды бир топ зыянсыз деп айтышат. Бирок медициналык изилдөөлөр бир сеанста адам өпкөсүнө 10 миң даана тамеки чеккенге барабар түтүн кирерин аныктаган. Бул иммунитетке чоң сокку. Ансыз да кальян жаштар арасында популярдуу, мыйзамдашса ансайын жаштардын маданиятынын бир бөлүгүнө айланат”, - деди депутат.
Ал мыйзам долбоорунун демилгечилери “кальянга тыюу салуу иштебей жаткандыктан, аны легалдаштыруу зарылдыгы жаралды” деген билдирүүсүн сынга алды.
“Эгер мыйзам иштебей жатса, аны бузуучуларга жол ачып берүү туура кадамбы? Эреже бузууларды көзөмөлдөө кыйынчылык жаратса, легалдаштырып коюу менен маселе чечилеби? Биздин милдет мыйзам бузуучуларга жеңилдик берүү эмес, мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө. Мамлекет никотин заттарын колдонууга тыюу салуу саясатын жүргүзүүдө, а бул мыйзам кайчы аракеттер бардыгын коомчулукка көрсөтүп жатат”, - деди Садырбаева.
Ошондой эле ал кальян кызматын көрсөтө турган кафе-ресторандардан желдетүү системасын талап кылуу болбогон нерсе экенин, анткени бир дагы желдетүү системасы табак түтүнүн коопсуз кылбашын кошумчалады.
Депутат кесиптештерин бул мыйзам долбоорун четке кагууга чакырды.
