Бишкек ЖЭБде алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү иштери уланууда
13 сентябрь

Бишкек ЖЭБде алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү иштери уланууда

2024/2025-жылдын жылытуу мезгилин ийгиликтүү аяктоо жана Бишкек шаарын жылуулук, электр энергиясы менен ишенимдүү  жана үзгүлтүксүз камсыздоо максатында ЖЭБде  пландуу оңдоо иштери, анын ичинде жабдууларды, имараттарды жана курулуштарды оңдоп-түзөө иштери  жүргүзүлүүдө.

Бүгүнкү күндө №23 от казан агрегатын капиталдык оңдоо иштери аяктап, №11 турбоагрегатты капиталдык оңдоодон өткөрүү аяктоо стадиясында, ал эми №5 жана №7 турбоагрегаттарды учурдагы оңдоо иштери аяктады. №3 жана №4 энергоблоктордо  капиталдык оңдоо иштери уланууда. Бардык оңдоо иштери белгиленген график боюнча жүргүзүлүүдө.

Ошону менен бирге, 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүү,  электр жана жылуулук энергиясын берүү үчүн 1 000 000 тонна көмүр, 110 679 млн.м3 газ жана 8 000 тонна мазут алып келүү пландаштырылууда.

Ошондой эле бүгүнкү күндө катуу отун жеткирүү боюнча келишимдер түзүлгөн. Белгилей кетсек, жеткирүүлөр белгиленген графиктерге ылайык, 2024-жылдын августунан 2025-жылдын мартына чейин жүргүзүлөт.

Бүгүнкү күндө кампаларда 248 миң тонна көмүр жана 0,914 миң тонна мазут бар.