Биринчи орунда ден соолук эмес, киреше: Нилуфар Алимжанова мыйзам долбоорун колдоодон баш тартты
www
11 июнь

Биринчи орунда ден соолук эмес, киреше: Нилуфар Алимжанова мыйзам долбоорун колдоодон баш тартты

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нилуфар Алимжанова кальян кызматтарына кайрадан уруксат берүү мыйзам долбоорун колдобой турганын билдирди. 

Бирок аны менен катар депутат эгерде кальян кызматы мыйзамдаштырыла турган болсо, лицензия берүүдөн түшкөн каражаттын бир бөлүгүн жаштардын сергек жашоосуна жумшоону сунуштады. 

Депутат вейп, электрондук тамекиге тыюу салынган чакта кальянга уруксат берүү коомдун жашоосуна канчалык туура келээрин сурады. 
Асылкулов бул биринчи кезекте өлкө бюджетине түшчү кирешени көбөйтүүгө өбөлгө болоорун белгиледи. 

“Кальян колдонуу коомдук жайларда тыюу салынган. Бирок үйлөрүндө колдоно беришет. 2025-жылдын маалыматына таянсак, кальян табагынан 37 миллион сом салык түшкөн. Ал убакта килограммы 2 миң сомдон болчу, азыр 4 миңге жетти. Демек, киреше эки эсе көбөйүп, 70 миллиондон ашык болот”, - деди ал. 

Министрдин орун басарынын айтымында, кальянга тыюу салынган учурда деле ага керектүү заттар “үйдө жеке колдонуу” шылтоосу менен ташылып келип турган. Ошол эле убакта ресторан-кафелерде деле колдонуу улантылып, эгерде текшерүү барып калса, айыппул төлөп коюп, кайра эле ишмердүүлүгүн жүргүзө беришкен. 

Депутат кальян кызматтарын бейтапканалардан, билим берүү мекемелеринен жана эл көп жүргөн жерлерден канча бир чакырым алыстыкта жайгаштырууну сунуштады. 

Асылкуловдун айтымында, кальян кызматын көрсөтүү үчүн лицензия алууну каалаган кафе-ресторандарга бир нече талап коюлат. Алар: өрт коопсуздугу жана атайын желдетүү системасынын болушу, 18 жашка чыга элек жарандарга кызмат көрсөтпөө.