Свердлов РИИБдин кызматкерлери тарабынан каракчылыкка шектүү жаран кармалды
2026-жылдын 10-апрелинде Бишкек шаарынын Свердлов РИИБге Б.Ш., аттуу жаран жазуу түрүндө арыз менен кайрылган. Анда, ошол эле күнү болжол менен саат 17:00 чамасында Аламүдүн айылындагы Гоголь көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде чала тааныш “Э.”, аттуу жаран курч кесүүчү буюм менен коркутуп жана колуна жаракат келтирип, андан соң 50 миң сомдук техникасын жана 20 миң сомдук “iPhone” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун тартып алып, белгисиз тарапка изин жашырып кеткенин билдирген.
Аталган факт боюнча Свердлов РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза Кодексинин 207-беренесине (Каракчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.
Ыкчам издөө-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Свердлов РИИБдин ыкчам иликтөөнүн кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүүлөр катары 1990 жылы туулган О.Э., аттуу жаран кармалган. Райондук Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынышты.
Тергөө амалдары уланууда.
