Камчыбек Ташиев үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө эки бөлмөлүү батир тапшырды
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 23-январда үч эм төрөлгөн жаш үй-бүлөгө, тагыраагы Р.Сыргабаевге жана М. Калиевага эки бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды. Бул тууралуу атайын кызматтан кабарлашты.
2026-жылдын 21-январында ЖМК аркылуу Талас облусунда үч эм төрөлгөн үй-бүлөнүн кайрылуусу жарыяланган. Аталган үй-бүлө оор материалдык абалына байланыштуу турак жай маселесин чечүү боюнча жардам сураган.
Буга чейин, 2025-жылдын 5-июлунда Сыргабаевдердин үй-бүлөсү Бишкек шаарынын мэриясына турак жай шарттарын жакшыртуу боюнча жардам көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылып, бирок Бишкек шаарынын аймагында каттоосу жок болгондугуна байланыштуу баш тартуу жообун алышкан.
Р. Сыргабаев жана анын жубайы М.Калиева 2024-жылдын ноябрь айынан бери никеде турушат жана учурда ижарага алынган батирде жашашат. Үй-бүлөнүн башчысы курулуш объекттеринде жумушчу болуп эмгектенет.
Жаш үй-бүлөдө үч эмдин төрөлгөнүн эске алуу менен, ошондой эле өлкөдөгү демографиялык абалды жакшыртуу жана калктын өсүшүн колдоо максатында, генерал-полковник К.Ташиев тарабынан Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндө жайгашкан эки бөлмөлүү батирдин ачкычы тапшырылды.
Ташиев жаш үй-бүлөгө чың ден соолук, бакубат жашоо жана жаркын келечек каалады.
Өз кезегинде Р.Сыргабаев жана М.Калиева көп балалуу жана муктаж үй-бүлөлөргө көп жылдан бери көрсөтүп келген активдүү колдоосу үчүн УКМК башчысына чын дилден ыраазычылык билдирди.
