Сүрөт ачык булактардан алынды
27 июль
Шавкат Мирзиёев жана Ильхом Алиев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин жана Азербайжандын президенти Ильхом Алиевдин мамлекеттик сапар менен келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Анын маалыматына караганда, алдыда 30-июлдан 1-августка чейин “Тамчы” эл аралык аэропортунан Чолпон-Ата шаарына чейинки жол маал-маалы менен жабылып турмакчы.
"Себеби ушул күндөрү Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин жана Азербайжандын президенти Ильхом Алиевдин мамлекеттик сапар менен келиши күтүлүүдө. Мындан сырткары, бир катар мамлекет башчыларынын катышуусунда Борбор Азия-Азербайжан саммити да дал ушул күндөргө мерчемделген", – деди ал.
