Бишкек шаардык тез жардам ооруканасы заманбап реабилитациялык жабдууларды алды
26 ноябрь

Бишкек шаардык тез жардам ооруканасы заманбап реабилитациялык жабдууларды алды

Бишкек шаардык тез жардам ооруканасында 26-ноябрда KOICA (Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттиги) жана H Robotics компаниясынын (Корея Республикасы) колдоосу менен гуманитардык линия аркылуу алынган Rebless™ Planar аттуу заманбап реабилитациялык жабдууларды тапшыруу аземи өттү.

Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашкандай, Rebless™ Planar — бул жогорку жогорку таяныч-кыймыл аппаратын  калыбына келтирүүгө арналган роботтоштурулган система болуп, неврологиялык жана ортопедиялык оорулардан кийинки кыймыл функцияларын жана күчтү калыбына келтирүү үчүн колдонулат.

Оорукананын башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков Корея Республикасынын Өкмөтүнө, KOICA жана H Robotics компаниясына медициналык реабилитацияны өнүктүрүүгө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Анын айтымында, жаңы жабдуу бейтаптардын заманбап калыбына келтирүү ыкмаларына жеткиликтүүлүгүн кеңейтип, медициналык жардамдын сапатын жогорулатат.

Буга чейин, 2024-жылы, H Robotics компаниясы Корея Республикасынын Мамлекеттик сатып алуулар кызматы жана Кореянын сатып алуулар институту тарабынан сатып алынган 20 даана Rebless™ жабдуусун Кыргызстанга тапшырган. Бул түзмөктөр Улуттук эне жана баланы коргоо борборуна, КММАга, Улуттук госпиталга, Жалал-Абаддагы «Бакыт» областтар аралык реабилитациялык борборуна жана Ысык-Көл областтык бириккен ооруканасына бөлүштүрүлгөн.