Ош облусттар аралык ооруканасынын жолу кеңейтилип, асфальт төшөлдү
29 сентябрь

Ош облусттар аралык ооруканасынын жолу кеңейтилип, асфальт төшөлдү

Ош облусттар аралык ооруканасынын алды иреттелип пайдаланууга берилди. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. 

Ачылыш аземине шаар мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңеш төрагасы Болот Баетов, шаар тургундары катышып, жаңыдан жасалып, пайдаланууга берилген көчөнү көрүп чыгышты.

Оорукананын Монуев көчөсүнөн Мадумаров көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү соода түйүндөр, дарыкана жана ашканалар каналдын корук аймагынан бошотулуп, тазаланган.

Бошотулган жерге шаар мэри Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасына ылайык асфальт төшөлүп, иреттелип, унаа каттамдары үчүн жол эки тилкелүү болуп кеңейтилип, унаа токтотуучу жай да каралган.

Муну менен катар оорукана аймагындагы “БЭМАН” дарылоо-диагностикалык борбору мэриянын балансына өтүп, расмий ачылышы болду.