Токмокто куураган чөп өрттөнүп жатат
26 ноябрь

Токмокто куураган чөп өрттөнүп жатат

Чүй облусунун Токмок шаарында ачык аянтта куураган чөп жана бадалдар өрттөнүүдө. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты. 

Учурда өрттү өчүрүү иштерине Токмок шаарынан 23 куткаруучу, 3 бөлүм, ККББнын башчысынын жетекчилигинде ыкчам топ, Чүй районунан 7 куткаруучу, Токой кызматынан 17 кызматкер, КР ИИМден 10 кызматкер, Суу канал ишканасынан 1 суу ташуучу унаа, Тазалык ишканасынан 1 суу ташуучу унаа чыкты.

Жалпы 63 кызматкер, 3 бөлүм, 2 суу ташуучу унаа, 2 дрон тартылган.