Ош шаарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери башталды
Ош мэриясы
4 июль

Ош шаарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери башталды

Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев 3-июлда «Жылуулук электр борбору» муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү менен жумушчу жыйын өткөрдү. 

Мэриядан кабарлашкандай, жыйында А.Масалиев кең көчөсүндөгү эскилиги жеткен магистралдык жылуулук куурларын жаңылоо маселеси талкууланды.

Долбоордун алкагында ТК-9 жылуулук камерасынан ТК-16 жылуулук камерасына чейинки узундугу 825 метр, диаметри 325 мм болгон жылуулук түтүгү диаметри 530 мм болгон жаңы түтүккө алмаштырылат.

Ошондой эле курулуш иштерин белгиленген мөөнөттө жана сапаттуу бүтүрүү, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, коомдук транспорттун каттамдарын убактылуу өзгөртүү, курулуш-техникалык талаптарды так сактоо жана шаар тургундарын алдын ала маалымдоо боюнча тиешелүү кызматтарга протоколдук тапшырмалар берилди.

Ага ылайык, жылуулук түтүктөрүн алмаштыруу иштери 2026-жылдын 5-июлунан тартып башталат.