ИИМде 2025-жылдагы ишмердүүлүктүн жыйынтыгы боюнча коллегиялык отурум отүүдө
23 январь

ИИМде 2025-жылдагы ишмердүүлүктүн жыйынтыгы боюнча коллегиялык отурум отүүдө

2026-жылдын 23-январында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жыйындар залында ички иштер органдарынын 2025-жыл ичинде аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарууга арналган коллегиялык отурум өтүүдө. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев, ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков, ИИМдин жетекчилик курамы, ички иштер органдарынын башчылары катышууда.

Отурумдун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын 2025-жылдын 12 айында аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары, “Коопсуз өлкө” долбоорунун ишке ашырылышы, жарандарды сервистик тейлөөнү жакшыртуу жана ИИМдин маанилүү иш-мерчемдерин бекитүү боюнча маселелер талкууланат.

Коллегиялык отурумдун башында сөз сүйлөгөн ички иштер министри Улан Ниязбеков 2025-жылы жүргүзүлгөн иштердин негизги жыйынтыктарына токтолуп, ички иштер органдары коопсуздукту камсыздоодо жаңы ыкмаларды жана санариптик чечимдерди кеңири колдонууга өткөнүн белгиледи.