Бишкек мэриясы жана «Альфа Телеком» кызматташат. Меморандумга кол коюлду
29 сентябрь

Бишкек мэриясы жана «Альфа Телеком» кызматташат. Меморандумга кол коюлду

Бишкек шаарынын мэриясы менен «Альфа Телеком» жабык акционердик коому кызматташтык боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу 29-сентябрда муниципалитеттен кабарлашты.

Иш-чарага мэрдин орун басары Азамат Кадыров, Шаарды өнүктүрүү саясаты башкармалыгынын башчысы Тимур Рыспаев, «Санариптик технологиялар борбору» муниципалдык  ишканасынын директору Жумамудун Жумалиев жана «Альфа Телеком» ЖАКтын башкы директору Эльнар Субакожоев катышты.

Документ маалыматтык жана коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндө өнөктөштүктү өнүктүрүү, санариптик мамлекеттик кызматтардын сапатын жогорулатуу боюнча заманбап чечимдерди ишке ашыруу, борбор калаанын тургундары үчүн жеткиликтүү ишенимдүү кызматтарды түзүүнү карайт.

Тараптар санариптештирүү шаар келечегинин маанилүү бөлүгү экенин белгилешип, биргелешкен демилгелерди ишке ашырууда бири-бирин колдоого даяр экендиктерин билдиришти. Кол коюлган меморандум Бишкекти заманбап жана технологиялык шаарга айлантуу жолундагы дагы бир кадам болот.