Бишкекте жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу боюнча жогорку деңгээлдеги диалог өттү
2025-жылдын 22-октябрында Бишкек шаарында «Жугуштуу эмес оорулар: туруктуу өнүгүү үчүн инвестициялоонун убактысы» аттуу жогорку деңгээлдеги диалог болуп өттү.
Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) менен биргеликте уюштурду.
Ага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев, Экономика жана коммерция министрлигинин, Финансы министрлигинин, Мамлекеттик салык кызматынын, Билим берүү министрлигинин өкүлдөрү, ошондой эле ДССУнун Европа бюросунун эл аралык эксперттери катышты.
Иш-чаранын максаты – жүрөк-кан тамыр оорулары, онкология, өнөкөт дем алуу оорулары жана диабет сыяктуу жугуштуу эмес оорулардан (ЖЭО) өлүмдү азайтуу боюнча тармактар аралык чечимдерди жана иш-аракеттер планын иштеп чыгуу. Алар Кыргызстандагы бардык өлүмдүн 83 пайызын түзүп, өлкө экономикасына жыл сайын 29,8 млрд сом (ИДПнын 4,8%) көлөмүндө зыян келтирет.
Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев белгилегендей, жугуштуу эмес оорулар менен күрөшүү – бул бир гана саламаттык сактоо системасынын эмес, бүтүндөй коомдун жана мамлекеттик органдардын милдети.
«Инсульт, инфаркт, онкология, диабет сыяктуу оорулар бүгүн саламаттык сактоо системасына чоң жүк болуп жатат. Биз дарылоо жана көзөмөл жүргүзүү менен алектенебиз, бирок бул оорулардын алдын алуунун негизги ыкмалары саламаттык сактоо системасынан тышкаркы чөйрөлөрдө. Бул – зыяндуу азыктарга, айрыкча тамекиге, алкоголдук жана кант кошулган суусундуктарга салыктарды жогорулатуу жана алардын жеткиликтүүлүгүн чектөө. Ошондой эле сатуу убактысын жана жерлерин жөнгө салган мыйзамдык чаралар, калкты дени сак жашоого шыктандырган чөйрөнү түзүү, велосипед жана жөө жүрүү инфраструктурасын өнүктүрүү, дыйкандарды колдоо жана органикалык азыктарды керектөөнү жайылтуу.
Профилактикага байланышкан чечимдер Саламаттык сактоо министрлиги, Экономика жана коммерция министрлиги, Финансы министрлиги, Салык кызматы, Билим берүү министрлиги жана жергиликтүү бийлик органдары тарабынан биргеликте кабыл алынышы керек. Азыр тармактар аралык чаралардын зарылдыгы боюнча түшүнүк өсүп жатат. Экономика жана коммерция министрлиги алкоголдук продукцияга салыктарды жогорулатуу боюнча сунуштарды даярдап, биз тамеки жана кант кошулган суусундуктар боюнча акциздерди көтөрүү багытында системалуу иш жүргүзүп жатабыз. ДССУнун эксперттери менен биргеликте жугуштуу эмес оорулар боюнча улуттук стратегиянын долбоорун быйыл аягына чыгарып, 2026-жылы аны өкмөттүн токтому же президенттин жарлыгы менен бекитүүнү пландап жатабыз, анткени документ бардык негизги тармактарды – экономиканы, билим берүүнү жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну камтыйт. Биргелешкен аракеттер гана өлүмдү азайтууга жана улуттун саламаттыгын чыңдоого реалдуу мүмкүнчүлүк берет», – деди министр.
Саламаттык сактоо министрлиги, БУУнун Өнүктүрүү программасынын колдоосу менен ДССУ жана UNIATF тарабынан даярдалган жаңы инвестициялык негиздемеге ылайык, илдеттин алдын алууга жумшалган ар бир 1 сом 15 жыл ичинде 10 сомдон ашык экономикалык кайтарым алып келет, 87 миңден ашык адамдын өмүрүн сактап, эмгек өндүрүмдүүлүгүн 34,4 млрд сомго жогорулатат.
ДССУ «Эң пайдалуу инвестициялар (Best Buys WHO)» деп аталган ыкмаларды колдонууга чакырат. Алар беш жыл ичинде тез натыйжа берет:
– тамекиге, алкоголдук жана кант кошулган суусундуктарга акциздерди жогорулатуу;
– тузду керектөөнү азайтуу;
– калктын физикалык активдүүлүгүн көбөйтүү.
ДССУнун Европа регионалдык бюросунун аймактык кеңешчиси д-р Кремлин Викрамсингхе финансылык чаралар аркылуу коомдук саламаттыкты чыңдоо боюнча презентация жасады. Ал белгилегендей, зыяндуу товарларга баанын жогорулашы алардын керектөөсүн азайтып гана тим болбостон, үч эсе экономикалык пайда алып келет: салыктык кирешелердин өсүшү, дарылоого кеткен чыгымдардын азайышы жана эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн жогорулашы.
Мамлекет менен эл аралык уюмдардын биргелешкен аракеттеринин негизги максаты – өлкө жарандарынын ден соолугун чыңдоо жана туруктуу экономикалык өнүгүүгө жетишүү.
