Беш жашар кыз набыт болду. Токмокто айдоочу эне-баланы сүзүп кетти
Токмокто жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын кабарлашты.
Маалыматка ылайык, кырсык 2025-жылдын 28-сентябрында болжол менен саат 11:30да катталган.
«Mazda Demio» үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жаткан 1984-жылы туулган А.Д., аттуу айдоочу Токмок шаарынын С. Ибраимов көчөсү менен түштүк тарапка бара жатып, Трясина көчөсүнүн кесилишинде жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан эне-баланы сүзүп кеткен.
Кырсыктын кесепетинен 2020-жылы туулган кыз ооруканага жетпей набыт болгон. Ал эми кыздын апасы оор жараат алып, Токмок шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.
Бул факты Токмок ШИИБде катталып, тергөө алдындагы текшерүү иштери башталган. Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу чыккан.
Бул факт боюнча кылмыш иши козголду.
Окуяга шектүү катары Чүй облусунун тургуну А.Д., аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Автоунаа айып короого токтотулду.
Медициналык кароосунун актысына ылайык, айдоочу унааны наркотикалык мас абалында айдап жүргөнү аныкталган.
Бардык зарыл экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда. Анын жыйынтыгына жараша мыйзамга ылайык чечим кабыл алынат.
