Кыргызстанда бир жумада дээрлик 26 миң жол эрежесин бузуу фактысы катталды
Кыргызстандын аймагында 22синен 28-сентябрга чейинки аралыкта алдын ала маалымат боюнча 25миң 590 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашкандай, анын ичинен:
Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу - 1668;
Мас абалында авто транспорт каражатын башкаруу - 355;
Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 191;
Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар - 1329;
Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 4019;
Автоээнбаштык - 23;
Белгиленген ылдамдыктан ашуу - 4202;
Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу - 6;
Башка жол эрежелерин бузуу фактылары - 13797;
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2817 автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.
