Кыргызстанда эл аралык террористтик уюмдун жактоочуларынын арасында тинтүү жүргүзүлдү
29 сентябрь

Кыргызстанда эл аралык террористтик уюмдун жактоочуларынын арасында тинтүү жүргүзүлдү

КР УКМК органдары Ош ОИИБ менен биргеликте козголгон кылмыш ишинин алкагында эл аралык террористтик уюмдардын ишмердигине каршы күрөшүү боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө ЭТУнун идеологиясынын жактоочулары жашаган 3 жер боюнча санкцияланган тинтүү иш-чараларын жүргүздү.

Тинтүү иштеринин натыйжасында тыюу салынган экстремисттик адабияттар жана буюмдар табылган (25 китеп, 1 телефон, 6 дептер, 5 баракча). Табылган буюмдар дин таануу экспертизасын жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик мекемесине жөнөтүлдү.

Экспертизанын жыйынтыгы менен кылмыш ишинин фигуранттарына карата Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.