Талас: перинаталдык блоктун курулушу графикке ылайык жүрүүдө
29 сентябрь

Талас: перинаталдык блоктун курулушу графикке ылайык жүрүүдө

Талас областтык төрөт үйүнүн жаңы перинаталдык блогунун курулушу 29%га аяктады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

Долбоор 2024-жылдын октябрь айында KfW Германиянын өнүктүрүү банкынын каржылык колдоосу менен башталган.

Эки кабаттуу, аянты 1 906 м² болгон жана 50 керебетке эсептелген корпус кабыл алуу, төрөт, операция, реанимация бөлүмдөрүн камтыйт жана заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылат. Бул Талас областындагы энелик жана неонаталдык жардамдын деңгээлин олуттуу жогорулатууга, төрөттүн коопсуздугун камсыз кылууга жана ымыркайларды сапаттуу көзөмөлдөөгө шарт түзөт.

Курулуш иштеринен тышкары, долбоор медициналык кызматкерлерди окутууну, телемедицинаны жана электрондук медициналык карталарды киргизүүнү камтыйт. Бул клиникалык кызматтарды жана багыттоо системасын чыңдоого багытталган.

Долбоорду 2026-жылдын аягында бүтүрүү пландалууда.