Акча уурдоо фактысы боюнча К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мурдагы мүчөлөрү кармалды
КР УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз ишмердигин аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар айрым адамдардын узакка созулган кылмыш иштери тууралуу маалыматтар алынган.
Чогултулган материалдардын негизинде жеке ишкер, КР жараны Х.Р.нын ири өлчөмдөгү акча каражатын уурдоо фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, анын жыйынтыгы боюнча 2025-жылдын 26-сентябрында Бишкек шаарынын Октябрь РИИБ менен биргеликте К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү катары каттоодо турган КРнын 3 жараны: 1988-жылы туулган Э.Т.З., 1988-жылы туулган М.С. жана 1991-жылы туулган А.Э.Т. кармалды.
Кармалган жарандар Бишкек шаарынын №1 тергөө абагына киргизилди.
Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат.
