Талас шаарында жаратылыш сакчылары үчүн кызматтык имарат курулат
19 декабрь

Талас шаарында жаратылыш сакчылары үчүн кызматтык имарат курулат

18-декабрь күнү, КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Талас облустук башкармалыгынын жаңы административдик имаратынын курулушуна капсула салуу аземи болду.

Иш-чарага Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин биринчи орун басары Б.Жусупбеков, Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары М.Байжигитов, Талас шаарынын мэри Нургазы Асылбеков жана жаратылыш сакчылары катышты .

Аталган курулушка Талас шаардык кеңешинин токтому менен мэрия тарабынан жер участогу берилген. Жаңы имарат Алдашукуров менен А.Оторбаев көчөсүнүн кесилише жакын (Газпром спорт комплекси) жерге курулат.