Ош ОИИБ: Кылмышка шектелип, издөөгө алынган жаран кармалды
6 сентябрь

Ош ОИИБ: Кылмышка шектелип, издөөгө алынган жаран кармалды

Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери укук коргоо органдары тарабынан издөөгө алынып, из жашырып жүргөн жарандарды аныктоо боюнча иштерди улантууда.

Араван РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында 2025-жылдын 4-сентябрь күнү издѳѳгө алынган Араван районунун 1994-жылы туулган Н.П. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Ал, 2025-жылы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде козголгон кылмыш ишине шектелип, соттук отурумга келбей, из жашырып качып кеткен.