Нью-Делиде Министр Жээнбек Кулубаевдин Индиянын Тышкы иштер министри менен жолугушуусу өттү
5 июнь

Нью-Делиде Министр Жээнбек Кулубаевдин Индиянын Тышкы иштер министри менен жолугушуусу өттү

2025-жылдын 5-июнунда Нью-Дели шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Индия Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Индия Республикасынын Тышкы иштер министри доктор Субраманьям Жайшанкар менен эки тараптуу жолугушуусу өттү.

Эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчылары стратегиялык өнөктөштүк негизиндеги кыргыз-индия мамилелеринин ийгиликтүү өнүгүп жатканын белгилешти. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө саясий диалогду бекемдөө, парламенттер аралык кызматташууну өнүктүрүү, жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги визиттерди улантуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулуп, эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалы терең талданды.

Коопсуздук, саламаттык сактоо жана соода жаатындагы кызматташуунун негизги багыттары талкууланып, аталган тармактардын эки өлкө үчүн узак мөөнөттүү мааниси баса белгиленди. Тараптар соода жүгүртүүдө байкалган оң динамиканы канааттануу менен белгилеп, дары-дармек өндүрүшү, тоо-кен тармагы, маалымат-коммуникация технологиялары жана банк кызматтары сыяктуу тармактарда байланыштарды кеңейтүү боюнча ишти улантууну макулдашты.

Министрлер Индиянын ITEC жана PRIDE программаларынын Кыргызстандын адамдык потенциалын өнүктүрүүдөгү жана маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоодогу чоң салымын өзгөчө белгилешти. Эл дипломатиясынын алкагында индиялык студенттердин Кыргызстанда жашоосу жана билим алуусу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча ишти улантуу ниети тастыкталды.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасы менен Индия Республикасынын тышкы иштер министрликтери ортосунда мындан аркы биргелешкен ишмердүүлүктүн негизги багыттарын жана артыкчылыктарын аныктай турган 2025–2027-жылдарга карата кызматташтык программасына кол коюлду.

Жолугушуунун соңунда тараптар стратегиялык өнөктөштүк маанайында эки тараптуу мамилелерди мындан ары да тереңдетүүгө болгон өз ара умтулууларын ырастады.