Кыргызстанда 1-октябрдан тарта коопсуздук курун тагынбаган айдоочу жана жүргүнчүлөргө айып салына баштайт
Ушул жылдын 1-октябрынан тарта «Коопсуз өлкө» долбоорунун алкагында АПКлар коопсуздук курун тагынбаган айдоочу жана жүргүнчүлөрдү автоматтык түрдө аныктай баштайт. Бул тууралуу ИИМдин ЖКККББнын маалымат кызматынын башчысы Байказы Айтикул уулу билдирди.
Анын айтымында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу, жол кыймылынын катышуучуларынын жүрүм-турум маданиятын жогорулатуу жана укук бузуулардын алдын алуу максатында, 2025-жылдын 1-октябрынан тарта «Коопсуз өлкө» долбоорунун алкагында орнотулган аппараттык-программалык комплекстер (АПК) унаа ичинде коопсуздук курун тагынбаган айдоочу жана жүргүнчүлөрдү фото-видео байкоо аркылуу аныктап баштайт.
Аталган эреже бузуулар АПКлар тарабынан катталган башка эреже бузуу фактыларындай эле айып пулдар салынат.
