Нарын облусунун милиция кызматкерлерине кызматтык автоунаалар тапшырылды
Нарын облусунун милиция кызматкерлерине Chevrolet Tracker жана Niva үлгүсүндөгү кызматтык автоунаалар тапшырылды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, унаалардын ачкычтарын Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Жолболду Кочконов тапшырды.
Кызматтык автоунаалар Нарын облусунун аймагындагы милициянын аймактык пункттарында кызмат өтөп жаткан аймактык ыйгарым укуктуу милиция өкүлдөрүнө берилди.
Бул иш-чаранын негизги максаты – аймактык милиция кызматкерлеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоо, алардын кызматтык милдеттерин натыйжалуу аткаруусуна шарт түзүү жана калкка ыкчам кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу болуп саналат.
Нарын ОИИБдин башчысы Жолболду Кочконов кызматкерлерди жаңы автоунаалар менен куттуктап, аларды кызматтык техникаларды максаттуу пайдаланып, жарандардын коопсуздугун камсыз кылууда ак ниет кызмат өтөөгө чакырды.
