Мамлекеттик жетекчилик кызматтарга дайындоодо кандай кадрларга артыкчылык берилери айтылды
19 декабрь

Мамлекеттик жетекчилик кызматтарга дайындоодо кандай кадрларга артыкчылык берилери айтылды

Кыргызстанда губернатор, аким, акимдин орун басары, айыл өкмөт башчыларынын кадрдык резерви иштейт. Ал жакта учурда 500дөн ашуун кадр өз учурун күтүп турат. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди. 

Ал белгилегендей, ал эми министрлерди, мамлекеттик органдардын жетекчилерин дайындоодо талапкерлер бир топ электен өтөт. 

“Биринчиден билимин, тажрыйбасын карайбыз. Жетекчилерди президент, орун басарларын мен дайындайм. Көбүнчө ошол мекемеде иштегендердин арасынан дайындоого аракет кылабыз. Алар укук коргоо органдарынан текшерүүдөн өткөрүлөт: кылмыш иши козголгон эмеспи, козголсо кандай беренелер менен, эгерде жабылган болсо, эмне себептен жабылды? Бул орун басарларды дайындоого да тиешелүү. Кээде баш тарткан учурлар болот. Анткени карайсың: ал адам кандай иштеген, кандай жыйынтыктарды көрсөткөн?” – деди Касымалиев. 

МинКаб төрагасы “Акылман” президенттик мектеби келечекте 7 облуста ачылып, анда мамлекеттин болочок башкаруучулары даярдаларын кошумчалады.