КР БШК аралыктан добуш берүү жана шайлоо документтери боюнча Жоболорду бекитти
Бүгүн, 19-августта Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы өз жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруу, өткөрүү жана жыйынтыктарын чыгаруу тартиби жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлер тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ жөнүндө” токтомдорду кабыл алды.
“Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруу, өткөрүү жана жыйынтыктарын чыгаруу тартиби жөнүндө” Жобо “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31¹, 36¹-беренелерине ылайык иштелип чыкты.
Жобо аралыктан добуш берүүнү уюштуруу, өткөрүү, анын жыйынтыктарын чыгаруу жана жарыялоо тартибин аныктайт.
Ал эми “Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлер тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топ жөнүндө” Жобо менен Жумушчу топтун негизги милдеттери жана ыйгарым укуктары, анын ичинде талапкерлердин шайлоо документтерин жана шайлоочулардын кол тамгаларынын аныктыгын текшерүү, ошондой эле топтун курамын түзүү, ишин уюштуруу, жыйындарды өткөрүү жана текшерүүнүн жыйынтыктарын документтештирүү тартиби белгиленет.
Мындан сырткары жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын бир катар чечимдеринин күчүн жоготкон токтомдор кабыл алынды.
