Бишкек шаарынын бир нече жол тилкелерине жол кыймылынын эрежелерин бузууларын аныктай турган аппараттык-программалык комплекстер орнотулду
23 январь

Бишкек шаарынын бир нече жол тилкелерине жол кыймылынын эрежелерин бузууларын аныктай турган аппараттык-программалык комплекстер орнотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Коопсуз өлкө долбоорун ишке ашыруу боюнча тапшырмасын аткаруу максатында ИИМ тарабынан Бишкек шаарынын бир канча жол тилкелерине жол кыймылынын эрежелерин бузууларын аныктай турган аппараттык-программалык комплекстер орнотулду. Бул аппараттык-программалык комплекстер Президенттин иш башкармалыгына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин IT адистери тарабынан иштелип чыккан программалар менен иштейт.

Мындан ары Бишкек шаарынын Чыңгыз Айтматов проспектиси толугу менен көзөмөлгө алынат. Ошондой эле Ахунбаев-Токтоналиев жана Махатма Ганди – Баялинов көчөлөрүнүн кесилиштерине дагы аппараттык-программалык комплекстер орнотулду.

Аппараттык программалык комплекстер төмөнкү укук бузууларды аныктайт:

  • Коопсуздук курларын тагынбоону;
  • Карама-каршы тилкеге чыгууну;
  • Ылдамдыкты чегинен ашырууну;
  • Светофордун тыюу салуучу сигналына өтүп кетүүнү;
  • Жол белгилеринин жана чийиндердин талаптарын аткарбоону.