Ошто жаңы базарды куруу иштери кызуу жүрүүдө
Мэр Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасына ылайык Ош шаарында 5 гектар жерге салынып жаткан базардын курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, Келечек, Бостон жана мөмө-жемиштер базарындагы соодагерлер үчүн курулуп жаткан базарда 1300дөн ашык орун түзүлөт.
Базарда зер буюмдар сатуучу, акча алмаштыруучу жайлар да каралып, ажаткана, ашкана, унаа токтотуучу жайы менен болот.
