Касымалиев 2026-жылы кайсы тармактын кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлөөрүн айтты
Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 2025-жылы өлкөдөгү айлык акыларды көтөрүү максатында бюджеттен кошумча 18 миллиард сом сарпталганын билдирди.
Айтымында, макроэкономикалык көрсөткүчтөр (элдин турмушу, айлык акылар) ноябрдагы эсептөөгө ылайык, 11 пайызга өскөн. Ушул жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча 10,2 пайыз болду.
“Айлык акыларды 2024-жылдан бери көтөрүп келатабыз. Медицина кызматкерлеринин, мугалимдердин айлыгы 10 пайыздан 130 пайызга чейин көтөрүлдү. Тейлөө жаатындагы кызматкерлердин айлыгын быйыл жогорулаттык. Ошону менен быйылкы жылы 18 миллиард сом айлык акыларды көтөрүүгө жумшалды”, – деди ал.
Ал белгилегендей, 2026-жылы дагы айлык акылар эки этап: апрель жана сентябрь айларында көтөрүлөт. Апрелде – мугалим, дарыгер, маданият жана тейлөө тармагынын кызматкерлериники, а сентябрда – муниципалдык жана мамлекеттик кызматкерлердики. Мында көбөйтүү 50 пайыздан кем болбойт.
“Жылдык эсептөөлөр менен 57 миллиард сомго жакын кошумча каражат керек болот. Бирок 2026-жылы экинчи этап сентябрь айына белгиленгендиктен, келерки жылда 39 миллиард сом кошумча каражат керектелет. Экономика өсүп, бюджетке кошумча кирешелер түшүп турса эле айлык акыларды көтөрүп турабыз”, – деди Касымалиев.
Ошондой эле МинКаб министри пенсия тууралуу да айтып, мурда 6900 сом пенсия алгандар быйыл, 1-октябрдан тартып 7500 сом алып калганын, бул жашоо минимумуна дал келерин кошумчалады.
“Азыр пенсияга жаңы чыккандар, аз иштеп, аз төлөм жүргүзгөндөрдү 7100 сомдон пенсияга чыгарып жатабыз. Айыл чарбасында фермердик чарбада иштегендердики төлөмдөрү абдан аз”, – деди ал.
