Президенттикке талапкерлердин бюллетендеги кезектүүлүгүн аныктоо тартиби бекитилди
19 август

Президенттикке талапкерлердин бюллетендеги кезектүүлүгүн аныктоо тартиби бекитилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна катталган талапкерлердин ортосунда шайлоо бюллетенине киргизүүнүн кезектүүлүгүн аныктоо боюнча чүчүкулак өткөрүү тартиби жөнүндө нускаманы бекитти.

Өзгөртүүлөргө ылайык, чүчүкулакты өткөрүүнүн колдонуудагы негизги тартиби сакталат, ошол эле учурда бардык катталган талапкерлер же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү макул болгон учурда чүчүкулакты бир этапта өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берилет.

Мындай ыкма талапкерлердин кезектүүлүгүн кокусунан аныктоо принцибин сактоо менен, алардын макулдашылган позициясын эске алууга шарт түзөт. Ошондой эле, чүчүкулак өткөрүү жол-жобосун жөнөкөйлөтүп, этаптардын санын жана убакыт чыгымдарын кыскартат.