30 жаштагы Табылды Муратбеков Жогорку Кеңештин депутаты болду
5 июнь

30 жаштагы Табылды Муратбеков Жогорку Кеңештин депутаты болду

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алды.

Муратбеков Табылды Муратбекович Кыргыз Республикасынын « Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Конституциялык мыйзамынын 65-беренесинин 3 жана 4-1-бөлүктөрүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты катары катталды.

Депутатка белгиленген үлгүдөгү депутаттык күбөлүк жана төш белгиси тапшырылды.

Белгилей кетсе, Табылды Муратбеков каттоосу жокко чыгарылган Султанбай Айжигитовдун ордуна келди. 

Муратбеков 1994-жылы 10-ноябрда Ысык-Көл облусунун Түп районунда туулган.