Кыргызстандык жаран Чикагодо жол кырсыгынан каза болду
Кыргызстандын 2002-жылы туулган Б.Ж. аттуу жараны АКШнын Чикаго шаарында жол кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, өлүмгө эки автоунаанын кагылышуусу себеп болгон.
Учурда Кыргызстандын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугу окуянын бардык жагдайларын тактоо боюнча зарыл чараларды көрүп, каза болгон жарандын жакындары жана Кошмо Штаттардын компетенттүү органдары менен туруктуу байланышта иш алып барууда.
