Ош шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүү болду
Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын орун басары Максатбек Орозалиев ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Ош шаарынын мэриясынын экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.
Тиешелүү буйрукка мэр Жеңишбек Токторбаев кол койду.
