Бишкектин Көлмө конушунда асфальт төшөө иштери аяктоодо
29 сентябрь

Бишкектин Көлмө конушунда асфальт төшөө иштери аяктоодо

Көлмө конушунун Теңдик көчөсүндө Мидин көчөсүнөн Дастан көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жол курулушу аяктоо алдында турат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. 

Бригада жолдун жээгине асфальттын биринчи катмарын төшөөнү аяктап, учурда кудуктардын капкагын жолдун үстүнкү деңгээлине чейин көтөрүүдө. Жакынкы күндөрү асфальттын экинчи катмарын төшөө иштери пландалууда.

Ошондой эле тургундардын ыңгайлуулугу жана коопсуздугу үчүн жолдун эки тарабындагы тротуар бүткөрүлүп, ирригациялык тармак орнотулду.