Адылбек Касымалиев менен Беларусь Республикасынын премьери расмий жолукту
29 сентябрь

Адылбек Касымалиев менен Беларусь Республикасынын премьери расмий жолукту

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев менен Беларусь Республикасынын Премьер-министри Александр Турчиндин расмий жолугушуу аземи болуп өттү. 

Белгилей кетсек, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Беларусь Республикасына расмий сапар менен келди.

Мамлекеттик туулар илинип, Ардактуу кароол тизилип, килем төшөлдү. Өкмөт башчылары бири-бири менен учурашып, тууга урмат көрсөтүшүп, эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырды. 

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев жана Премьер-министр Александр Турчин расмий делегация мүчөлөрүн тааныштырышты. Саламдашуу аземи аяктагандан кийин делегация башчылары кыргыз-беларус сүйлөшүүлөрүн өткөрүү үчүн Өкмөт Үйүнүн имаратына киришти.