Баткен жана Согди облусунун башчылары жолукту. Эмнени талкуулашты?
КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов жана Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода жолукту.
Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу бүгүн, 29-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында өттү. Ага чектеш райондордун акимдери, облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да катышты.
Облус башчылары жолугушууда төмөнкү маселерди талкуулашты:
- кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоонун жыйынтыгы,
- эки тараптан тең алмашуу макулдашылган айыл аймактардын тургундарын көчүрүүгө байланыштуу маселелерди,
- чек араны демаркациялоодо,
- чек ара сызыгын, короо жай, бак дарактардан, коммерциялык объекттерден тазалоо иштерин жүргүзүү,
- эл арасында түшүндүрүү иштерин алып баруу.
Ошондой эле чек ара аймактарындагы коомдук коопсуздукту сактоо, жергиликтүү тургундардын ортосунда жакын кошуналык мамилелерди чыңдоо, ар тараптуу кызматташууну жакшыртуу багытында иш аракетерди улантуу макулдашылды.
