Кара-Сууда алдамчылыкка шектелгендер аныкталды
29 сентябрь

Кара-Сууда алдамчылыкка шектелгендер аныкталды

2025-жылдын 8-сентябрь күнү Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө Ош шаарынын 1969-жылы туулган Т.М. аттуу тургуну арыз менен кайрылган.

Анда 2025-жылдын май айынын сентябрь айына чейинки аралыкта “Вотсап” тиркемеси аркылуу белгисиз жаран турмуш тиричилик буюмдарын алуу үчүн буюртма берип, акчасын “М-Банк” тиркемеси аркылуу котордум деп жасалма чектерди жөнөтүп, алдоо жолу менен турмуш тиричилик буюмдарын алдыртып жүргөндүгүн билдирген.

Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Чогултулган материалдын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш- жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары Талас облусунун 1982-жылы туулган Ш.Б., жана 1994-жылы туулган М. кызы К. аттуу тургундары (аял кишилер) шектүү катары кармалып, Кара-Суу РИИБге жеткирилди.

Учурда шектүү Ш.Б., жана 1994-жылы туулган М. кызы К.нын мындан башка дагы кылмыштуу иштерге тиешеси бар же жоктугу текшерилип жатат.