Катуу суукта кыргызстандыктар электр энергиясыз калбайбы? – МинКаб төрагасы жооп берди
19 декабрь

Катуу суукта кыргызстандыктар электр энергиясыз калбайбы? – МинКаб төрагасы жооп берди

Кыргызстандын жылуулук тармагы күз-кыш мезгилине жакшы даярданды. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди. 

“ЖЭБди эки жолу текшердим, чогулуш өткөрдүм. Даярдык жакшы. Бүгүнкү күндө Түркмөнстандан, Өзбекстандан жана Казакстандан кошумча керектүү электр энергиясынын көлөмүн алып жатабыз”, – деди ал. 

Мындан тышкары, Кыргызстан Өзбекстан жана Россиядан жаратылыш газын сураган жана бул өлкөлөрдүн оң жообун алган. 

“Ошондуктан, быйыл кышта эч кандай өчүрүүлөр болбойт”, – деп белгиледи Касымалиев.