КРнын Саламаттык сактоо министрлиги россиялык тарап менен кызматташуунун жаңы багыттарын талкуулады
16 июль

КРнын Саламаттык сактоо министрлиги россиялык тарап менен кызматташуунун жаңы багыттарын талкуулады

2026-жылдын 15-июлунда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Россия Федерациясынын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Анын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен «ВТБ Медицина» АКнын ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Документке саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов жана «ВТБ Медицина» АКнын башкы директору Сергей Нечаев кол коюшту.

Жолугушууга Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сергей Вакунов, Россиянын Кыргызстандагы Соода өкүлү Айнур Саманов, «Россотрудничество» агенттигинин жетекчисинин орун басары Кирилл Богомолов, Бишкектеги «Русский дом» мекемесинин жетекчиси Альберт Зульхарнеев, «ВТБ Медицина» АКнын башкы директору Сергей Нечаев жана компаниянын Борбор Азия өлкөлөрү боюнча атайын өкүлү Александр Евстюнин катышты.

Кол коюлган меморандум саламаттык сактоо тармагындагы өз ара аракеттенүүнүн негизги багыттарын аныктайт. Документ медициналык жардам көрсөтүү, медициналык билим берүү, медициналык кадрларды даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу, заманбап медициналык технологияларды киргизүү, саламаттык сактоону санариптештирүү, телемедицина жана медициналык туризм багыттарында кызматташууну өнүктүрүүнү карайт.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр Дамир Осмонов Россия Федерациясы менен кызматташууну практикалык жактан өнүктүрүүгө багытталган бир катар демилгелерди сунуштады. Тактап айтканда, министр Түркия Республикасы менен колдонулуп жаткан кызматташуу тажрыйбасына окшош механизмдин негизинде Кыргызстандын жарандарын жогорку технологиялык медициналык жардам алуу үчүн Россиянын медициналык уюмдарына жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады. Ошондой эле дарыгер-ординаторлорду даярдоону уюштуруу жана кыргызстандык адистер үчүн билим берүү программаларын кеңейтүү демилгеси көтөрүлдү.

Талкуунун жүрүшүндө россиялык тарап Кыргызстандын жарандарына Россиянын медициналык уюмдарында адистештирилген медициналык жардам көрсөтүүнү уюштурууга, телемедициналык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө жана кесиптик кызматташууну кеңейтүүгө байланышкан демилгелерди мындан ары иштеп чыгууну колдоду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экендигин ырастап, кол коюлган меморандумдун жана кийинки макулдашуулардын алкагында кызматташуунун конкреттүү багыттарын биргелешип иштеп чыгууга даяр экендиктерин билдиришти.