Бишкекте музыкалык окуу жайдан чыккан өрт чектөөгө алынды
10 июль

Бишкекте музыкалык окуу жайдан чыккан өрт чектөөгө алынды

Бишкектин Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатынан өрт чектөөгө саат 12:19да алынды. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты. 

Учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Жеринде ӨКМден 4 күжүрмөн эсеп, штаб жана Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан 2 офицер иш алып барууда.

Андан тышкары, Ички иштер министрлигинен 20 кызматкер, 2 экипаж жана тез жардам кызматынан 1 бригада тартылды.

ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын нөөмөтчүсүнүн берген маалыматына ылайык, өрттүн аянты болжол менен 400 чарчы метрди түзөт.

Кошумча маалымат берилет.