Бишкек – Үрүмчү түз аба каттамы ачылат
www
16 июль

Бишкек – Үрүмчү түз аба каттамы ачылат

Кыргызстандын «Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясы Бишкек – Үрүмчү багыты боюнча түз каттамдарды ишке киргизет.

Бишкек – Үрүмчү – Бишкек багыты боюнча алгачкы каттам 2026-жылдын 3-августуна пландалган.

Авиакомпаниянын маалыматына ылайык, жаңы багыт ишкерлерге, бизнес өкүлдөрүнө, туристтерге жана Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы кызматташууга кызыкдар болгон жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу болот.

Түз авиакаттам ишкердик сапарларды, товар сатып алууларды жана бизнес жолугушууларды уюштурууну жеңилдетет.

Ошондой эле жаңы маршрут эки өлкөнүн ортосундагы туризмди, маданий алмашууну жана экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрү күтүлүүдө.

Каттамдар Airbus A320 үлгүсүндөгү учактар менен аткарылары пландалууда.