Акылбек Жапаров Россия президентинин жарлыгына ылайык “Достук” ордени менен сыйланды
12 сентябрь

Акылбек Жапаров Россия президентинин жарлыгына ылайык “Достук” ордени менен сыйланды

Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин кол койгон  жарлыкка ылайык министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров, Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы достук байланыштарды чыңдоогу, стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштык мамилелерди өнүктүрүүдөгү сиңирген эмгеги үчүн “Достук” ордени менен сыйланды. 

“Достук” орденин Акылбек Жапаровго Россия Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук Ысык-Көл облусунда өтүп жаткан VI кыргыз-орус экономикалык форумунун пленардык жыйынында тапшырды.