Эмгек министрлиги менен БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы социалдык программаларды кеңейтүүдө
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов менен Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы өкүлү жана өлкөлүк директору Коджиро Накай жолугушту. Бул тууралуу 22-июнда ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар азык-түлүк коопсуздугу, калкты социалдык коргоо жана аярлуу катмарларды колдоо багыттарындагы кызматташуунун учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты.
Кыргыз Республикасы Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен 2009-жылдан бери кызматташып келет. Бул мезгил ичинде азык-түлүк коопсуздугун жакшыртуу, жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүү, калктын климаттын өзгөрүшүнө жана өзгөчө кырдаалдардын тобокелдиктерине туруктуулугун жогорулатуу багытында бир катар маанилүү долбоорлор ишке ашырылган.
Социалдык колдоонун “эмгек/окуу үчүн азык-түлүк” инструментинин, “социалдык контракт” программасынын ишке ашырылышына өзгөчө көңүл бурулуп, ал аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөр арасында өзүнүн натыйжалуулугун жана жогорку суроо-талапка ээ экендигин көрсөттү.
Мындан тышкары, программалардын катышуучулары жергиликтүү деңгээлде инфраструктураны өнүктүрүүгө салым кошууда.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар биргелешкен демилгелерди ишке ашырууну караган Техникалык макулдашууга кол коюшту.
Кол коюлган макулдашуу Кыргыз Республикасында социалдык колдоо системасын мындан ары өркүндөтүүгө жана жакырчылыктын деңгээлин кыскартуу боюнча ишкерлердин катышуусу менен социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүү механизмин пилоттук түрдө апробациялоо, “акы төлөнүүчү коомдук жумуштар” жана “эмгек үчүн азык-түлүк” долбоорлорун биргелешип ишке ашыруу, жеке ассистенттерге азык-түлүк жардамын көрсөтүү, социалдык контракт программасынын катышуучулары үчүн окутуу долбоорлорун ишке ашыруу чараларынын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.
