Кыргызстан менен Раунданын ТИМ башчылары телефон аркылуу сүйлөштү
фото: МИД КР
2 апрель

Кыргызстан менен Раунданын ТИМ башчылары телефон аркылуу сүйлөштү

2026-жылдын 2-апрелинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Руанда Республикасынын Тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министри Оливье Ндухунгирехе менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Тараптар эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулап, эки өлкөлөрдүн тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы байланыштарды активдештирүү боюнча макулдашышты.

Көп тараптуу аянтчалардагы өз ара аракеттенүүгө жана бири-бирин колдоого өзгөчө көңүл бурулду. Жогорку деңгээлдеги сапарларды өз ара ишке ашыруу пландары талкууланды.