МинКаб төрагасы: Көптөгөн жарандар кандай медкызматтар акысыз болоорун билишчү эмес, биз баарын “Түндүккө” киргиздик
Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев аталган кызмат ордуна дайындалганына 1 жыл толгонуна байланыштуу берген маегинде жыл ичинде аткарылган иштер тууралуу айтып берди.
Ал санариптештирүү бардык тармактарда ишке ашырылып жатканын жана бул жарандардын жашоо-турмушуна байкалаарлык жеңилдик орнотконун белгиледи.
“Мисалы, жаран кайсы бир жумушка орношо турган болсо, ал тийиштүү справкаларды топтойт. Биз бул процессти санариптештирдик. Азыр мурдагыдай бир мекемеден экинчи мекемеге справка үчүн барып отурбай, “Түндүктөн” таба алат. Эмгек китепчесин да ушул тиркемеден алууга болот. Болбосо, жумушка орношууда эмгек китепчесин ноториалдык конторго барып тастыктап, анан алып барышчу. Ишкер бир даректен экинчи дарекке көчкөндө, арыз жазып, анын жообун бир канча күн күтчү. Же эсебин өзгөртсө да ушул эле абалга туш келчү. А азыр анын баарын Салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу арыз жазып, 2-3 саатта чечип алса болот”, – деди Касымалиев.
Ошондой эле МинКаб төрагасы медициналык камсыздандыруу тизмесине токтолуп, кайсы медициналык кызмат акысыз, а кайсынысы акылуу экенин көптөгөн жарандар билбей турганын белгиледи.
“Жыйында айттым, чынында аларды мен да билбейм. Аны “Түндүккө” киргиздик, эми жарандар тиркеме аркылуу акысыз медициналык кызматтар тууралуу маалыматка ээ болуп, өз укуктарын коргой алышат”, – деди төрага.
Андан сырткары Касымалиев майыптыгы бар жарандардын айрымдарын жыл сайын өтчү комиссиядан бошотушканын кошумчалады.
“Балким, орой айтып жаткандырмын, бирок бир колу жок жаранга бир жылдын ичинде кол өсүп чыгып калбайт да. Ошондойлор дагы жыл сайын өзүнүн майыптыгын комиссия аркылуу далилдеп келишкен. Биз аны жойдук”, – деди.
